Бүкалича Жоробаева

Википедия дан
Жоробаева, Бүкалича‎»‎ барагынан багытталды)
Жоробаева, Бүкалича
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жоробаева Бүкалича
Туулган жылы: 18.06.1962-жыл
Туулган жери: Корсетти кыштагы, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1985-жылдан баштап ушул кезге чейин
Театр: Кыргыз улуттук акакдемиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Жоробаева, Бүкаличатеатр жана кино артисти.

Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киного тартылуу учурунан
Киного тартылуу учурунан

Бүклича 1979-жылы Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатты аяктагандан кийин, бала кезиндеги тилегин ишке ашыруу максаты менен ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өтөт.
1981-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошол эле жылы Казакстандын ал кездеги борбор калаасы Алматыдагы мамлекеттик театр искусствосу институтунун “Театр жана киноактеру” бөлүмүнө, казак жаштарынын катарында өтөт да, казак тобу менен казакча окуйт.
Бүкалича институтта СССРдин эл артисти профессор Хадиша Бүкөева менен атактуу киноартист, профессор Нурмухан Жантуриндин колунан таалим алат.
1985-жылы аталган институтту ийгиликтүү аяктап келип, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артисттик кызматка кабыл алынат.
Дээрлик отуз жылга чамалаган чыгармачылык таржымалынын ичинде Бүклича ондогон ар түрдүү диапозондогу ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрү менен театр адистеринин купулуна толгон.
Театрда иштөө менен бирге эле Бүкалича улуттук киноэкран аркылуу да кыргыз элине киноактриса катары таанылды.
Айрыкча 2012-жылы “Жараланган турналар-2” тасмасындагы борбордук образдардын бири Орунгүлдүн ички масштабы кеңири, ар кыл нюанстарга бай табиятын айкын ачып берген.

Театрда ойногон негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асел (М. Байжиев, “Алтынчы күнү кечинде”)
  • Дездемона (М. Байжиев, “Он экинчи күн”)
  • Рода (Дельмар, “Эртеңкиге ордуңду бошот”)
  • Шакыйна (Т.Абдумомунов, “Машырбек үйлөнөт”)
  • Келин ((Б. Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)
  • Гуля (Р.Ибрагимов, “Петрарканы окуганда” (“Сурак”)
  • Гүлүмкан (Р.Шүкүрбеков, “Жапалак Жатпасов”)
  • Карачач (Ж.Садыков, “Сейтек”(“Элим, ай)”)
  • Акширен (М.Байжиев, “Байыркы жомок”)
  • Каныш (Ж.Кулмамбетов, “Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”)
  • Сен-Чен (К.Акматов, “Азаттагым-арманым”)
  • Назми (Саид Ахмад, “Күйөө бала”)
  • Ирсалат (К.Зарлыкова, “Сибирь челноктору”) ж.б.

Тартылган кинолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Манас” энциклопедиясы. Бишкек, 1995-жыл.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]