Жоробекова Арзыгүл Мамаюнусовна
Көрүнүш
Жоробекова Арзыгүл Мамаюнусовна - [19. 5. 1968-ж. туулган, Ош облусу, Жаңы-Жол району, Караван айылы (азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары)] – юрист, юридика илимдеринин доктору (2008). 1991-ж. СССР ИИМдин Рязань жогорку мектебин бүтүргөн. 2001–08-ж. КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде кылмыш укугу, кримонология жана алдын алуу кызматы кафедрасынын доценти, 2008-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясында начальниктин орун басары. 100дөй илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография, 1 окуу китеби) автору. ІІ даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1