Шарипа Жоробекова

Википедия дан
Жоробекова Шарипа‎»‎ барагынан багытталды)

Жоробекова Шарипа - (13.01.1945-ж. туулган, Фрунзе) – химия илимдеринин доктору (1988), профессор (1990), КР УИАнын академиги (2000), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2009). КМУну (1966), ошол эле университеттин аспирантурасын (1969) бүтүрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу (1969–72), доцент (1972–78), декан (1992–94). КР УИАнын Химия жана химиялык технология институтунун директору (1994–2003) болуп иштеген. 2003-жылдан КР УИАнын вице-президенти. 2008-жылдан президенти. Гумин карталарынын негизинде жаңы ион алмаштыруучу материалдарды синтездөө, биоген металлдарынын катышуусу менен фермент-ингибитордук байланыштар жана башка микробиологиялык процесстерди изилдөөсү аны гумус заттарынын химиясы жана биотехнологиясы илимий багытынын негиздөөчүлөрүнүн катарына кошкон. Анын 250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 12 монографиясы, 20 патенти, 5 окуу китеби бар. «Даңк» медалы, «Ардак Белгиси» ордени, «Золотая фортуна» жана РФдин Ломоносов атындагы эл аралык ордендери менен сыйланган. Ал Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу, Баласагын атындагы жана «Руханият» ассоциациясынын сыйлыктарынын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1