Абдылас Жоробеков

Википедия дан
Жоробеков Абдылас‎»‎ барагынан багытталды)

Жоробеков Абдылас - (25. 5. 1951, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул шаарчасы – 4. 7. 2008, Бишкек) – медицина илимдеринин доктору (1998), профессор (2002). КММИни (1975), Москва шаарында СССР МИАнын А. В. Вишневский атындагы Хирургия институтунун аспирантурасын (1987), Казак Республикасынын УХБнун докторантурасын (Алматы шаары) бүтүргөн (1997). Ысык-Көл облусу ооруканасында врач-хирург, бөлүм башчы (1975–80), Фрунзе шаардыкдык № 2 клиникалык ооруканада бөлүм башчы (1980–84), КММИде ассистент (1987–91), Нарын облусу ооруканада хирургия бөлүмүнүн башчысы (1991–2002) болуп иштеген. Бишкек шаарынын башкы хирургу (2002–04). 2002–08-жылдары КММАнын факультеттик хирургия кафедрасында профессор Бүткүл дүйнөлүк хирургдар ассоциясынын жана КМШ өлкөлөрүнүн хирург-гематологдор ассоцациясынын анык мүчөсү, 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 илимий жыйнагы, 4 ойлоп табуусу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1