Жоробеков Калмурза Алымкулович
Жоробеков Калмурза Алымкулович (1938, Өзгөрүш айылы - 2002) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы.
- 1963-ж. Кыргыз мамлекеттик медицина институнун дарылоо факультетин бүтүргөн.
- 1963-65-ж. Токтогул районунун Толук айылындагы оорукананын башкы врачы,
- 1965- 67-ж. Республикалык клиникалык ооруканада анестезиолог, Ош облусунун Ленин райондук ооруканасынын Шайдам бөлүмүнүн башкы врачы,
- 1967-98-ж. Жалал-Абад шаарындагы облустук кургак учукту дарылоо диспансеринин урология бөлүмүнүн башчысы, кийин Бишкек шаарынын башкы урологу.
- 1989-2002-ж. республикалык клиникалык оорукананын урология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
- Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциациясынын мүчөсү. Саламаттык сактоо отличниги.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5