Жороев Мажит

Википедия дан

Жороев Мажит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрү жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-жылы Кара-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөөсүндө туулган. Атасы Саттаров Жоро Кара-Булактан чыккан биринчи тракторчу, энеси Кадыр кызы Зарбүбү биринчилерден болуп комсомолдук ячецканын секретары болгон. Мажит 1965-жылдан баштап республикабыздын аймагында көп жерлерде ички иштердин кызматын өтөгөн. 1992-жылы пенсияга чыккан. Тактап вйтканда 1965-жылы Сүлүктүдө 11 жылдык мектепти бүтүрүп, 1966-1969-жылдары Советтик Армияда ички иштер войскасында кызмат кылган. 1969-жылы Фурунзедеги ички ииштер башкармасынын атайын түзүлгөн взводуна Милциянын кызматына алынып, 1969-жылдын октябырында милициянын атайын юридикалык мектебин аяктаган. 1971-1977-жылдары Ысык-Көл районунда апийим эгилүүчү кезде наркотикалык заттарды законсуз даярдаганды, сактагандарды иликтөөчү кызматтын началниги болуп иштеп жүрүп 1977-жылы Кадамжай районуна которулат. 1980-жылы Жалал-Абад шаарында уголовный розыстын начальниги, 1984-1988-жылдары Кызыл-Кыя шаарында шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан.
1993-1994-жылдары Тогуз-Булак айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары, Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын ветерандар Кенешинин төрагасынын орун басары болуп эсептелет.
Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда граждандык коргонуу бөлүмүндө начальник жана юрист консул кызматында да иштейт. Милиция подполковниги наамы менен эс алууга чыккан. Коомдук иштерин тынымсыз улантып турат. Жороев Мажит аткарган комдук иштер: Райондук ички ичтер бөлүмүнүн насаатчысы, ардагерлеринин төрагасы, райондук ардагерлер Кенешининин төрагасынын орун басары, областтык ардагерлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, чек арачылар кызматынын насаатчысы, элдик кошундарынын командири, райондук, областтык, республикалык газеталардын сырткы кабарчысы.
Жороев Мажит- комузду колуна алса кол ойнотуп комуз черткен комузчу, комуз менен ырды куюлуштуруп ырдаган төкмө акын, колуна калем алып тизмектеп ыр, аңгеме, очерк ж.б. жаза билген акын-жазуучу, шымаланып ортого түшкөн чыгыш жеке таймашынын устаты, сыркоолордун алкышын алган элдик дарыгер, отургандардын көнүлүн ачып күлдүргөн куудул, юморист, кемчиликтерди сындаган сатирик жана тамсилчи, чарчабастан тоого чыккан альпинист. Туристтердин райондогу тоолорго түзүлгөн маршруттарын биринчи түзүүчүсү. Көзгө атар атактуу мергенчи. Райондогу тоолордун Мажит барбаган күнгөй, тескейи жок.
Жороев Мажит 2 уул, 2 кыздын атасы, 6 неберенин чон атасы, таятасы. Кара –Булактын эли Мажиттей өнөрлүү жигит менен сыймыктанышат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек 2004-жыл.