Жошолу суусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жошолу суусу

Жошолу суусу - Алай районундагы суу, Куршаптын оң куймасы. Алай кырка тоосунун Түндүк-батыш капталынан башталат. Узундугу 40 км, алабынын аянты 285 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2700 м. Мөңгү (аянты 1,9 км2) бар. Алабы куралуу облусуна кирет. Жошолунун 16 куймасы бар; ирилери: Артөбө, Кызыл-Булак (оң), Кулмамбет, Бекпута (сол). Жылдык орточо чыгымы 2,20 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Гүлчө, Өрүктү, Миязды, Орто-Суу жана башка кыш. бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]