Жубатурова Рахима Төлегеновна
Көрүнүш
| Төрөлгөндөгү ысымы |
каз. Жұбатырова Рахима Төлегенқызы |
|---|---|
| Туулган датасы | |
| Туулган жери | |
| Өлкө | |
| Кесиптери |
ырчы |
Жубатурова Рахима Төлегеновна (каз. Жұбатырова Рахима Төлегенқызы, 15-март 1943, СССР, Өзбек ССР, Анжыян) — совет жана казак ырчысы. Казак ССРинин эмгек сиңирген артисти (1978), Казак ССРинин эл артисти, профессор (2001)[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1943-жылы 15-марта СССР, Өзбек ССР, Анжыян шаарында туулган.
1970-жылы Алматы консерваториясын аяктаган.
1975-жылдан тартып Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болуп иштеген.
1995-жылдан бери Казак улуттук консерваториясында сабак берип келет.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Репертуарында төмөнкү опералык партиялар бар:
- Сары — М. Төлөбаевдин «Биржан жана Сара» операсы;
- Дана — Е. Брусиловскийдин «Эр Таргын» операсы;
- Гүлбаршын жана Камар — Е. Рахмадиевдин «Алпамыс» жана «Камар сулуу» операсы;
- Татьяна жана Иоланта — П. Чайковскийдин «Евгений Онегин» жана «Иоланта» операсы;
- Марфа — Н. Римский-Корсаковдун «Падышанын колуктусу» операсы;
- Аида жана Амелия — Ж. Вердинин «Аида» жана «Бал-маскарад» операсы[2];
- Мария Стюарт — С. Слонимскийдин ушул эле аталыштагы операсы;
- Маргарита — Ш. Гунонун «Фауст» операсы;
- Тоска жана Чио-Чио-сан — Ж. Пуччининин операсында жана башка көптөгөн ролдор[3].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Қазақ энциклопедиясы, 4 том;
- ↑ Святослав Антонов. Судьба человека: От струн к вокалу. Сайт "VOX POPULI" (1 -август (баш оона) 2016).
- ↑ Жубатурова, Рахима Тулегеновна // Казахстан. Национальная энциклопедия. — Алматы: Қазақ энциклопедиясы, 2005. — Т. II. — С. 343. — ISBN 9965-9746-3-2.
