Жумабаев Жамалгазы
Жумабаев Жамалгазы - (8. 10. 1942-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району Чолпон айылы) экономика илимдеринин доктору (2005), КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1998). Айыл чарбасынын экономика натыйжалуулугу жана агрардык экономиканын трансформациялык мезгилдеги проблемалары боюнча адис. КАЧИни (1965), Бүткүл союздук Айыл чарба экономикасы ИИИнин аспирантурасын (1982) бүткөн. Совхоздо башкы экономист (1965-70), КРдин айыл жана суу чарба министрлигинде башкы адис, бөлүмдүн, башкы башкармалыктын башчысы (1970-2007), 2007-жылдан бөлүм башчы. 30дан ашуун илимий. эмгеги, анын ичинен 2 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Экономическая эффективность сельского хозяйства в переходной экономике. Б., 2004; Актуальные проблемы экономики сельского хозяйства. Б., 2005.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5