Жумабаев Шайбек Гиязович

Википедия дан

Джумабаев Шайбек Гыязович – (20. 8. 1949-жылы туулган, Ош (азыркы Баткен) облусу, Лейлек району Тагап кыштагы) генерал-майор (2005). 1973-жылы Воронеж мамлекеттик университетин бүткөн. 1967-68-жылы Ош шаарында Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектепте мугалим, 1973-74-жылы Ош айыл чарба техникумунда комсомол комитетинин секретары, 1974-91-жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгында бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1991-96-жылы Жалал-Абад облусу боюнча топтун улук оперуполномочени, бөлүмдүн начальниги, 1996-97-жылы КРдин Улуттук коопсуздук министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында начальниктин орун басары, 1998-2002-жылы КРдин Улуттук коопсуздук министрлинде башкармалыктын начальнигинин орун басары, начальниги, 2002-жылы КРдин Мамлекеттик бажы инспекциясында кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2002-03-жылы КРдин Финансы министрлигинин алдында киреше боюнча комтетинде кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2003-05-жылы Ысык-Көл, Манас, Жалал-Абад бажыканаларынын начальниги, 2005-06-жылы КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]