Жумабеков Районбек

Википедия дан

Жумабеков Районбек (1936, Жумгал району - 1993, Бишкек ш.) - опера ырчысы (бас). Кыргыз Реслубликасынын эмгек сиңирген артисти (1987).

  • Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин Москвада өткөн 6-фестивалынын, Кыргызстанда өткөн жаштар менен студенттердин биринчи фестивалынын лауреаты (1957),
  • Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын СССР эл артисти, проф. С. Кийизбаеванын классынан бүтүргөн.
  • 1963-жылдан 1993-ж. чейин Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында хор артисти болуп иштеген.

Хордо ырдоо менен ондогон спектаклдерде партияларды да ырдаган. Айрыкча В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Бакайдын, Чынкожонун «Манасынан» Коңурбай менен Кошойдун ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган. «Алтын кыз», «Ажал ордуна», «Токтогул», «Оптимисттик трагедия» операларындагы каармандарды да коштоп ырдаган. К. Чодроновдун. А. Мырзабаевдин, Б. Минжылкыевдин, Т. Сейталиевдин мыкты атаандаштарынан болгон.

90-жылдары кыргыздардын театрдашкан бүткүл дүйнөлүк курултайына, эгемендүүлүктүн күнүнө арналган концерттерде акылман Бакайдын, Кошойдун ролдорун да ойногон. Москвадагы Чоң театрдын, Ленинграддын (Санкт-Петербургдун), Киевдин, Алматынын театр сахнасында, КМШ өлкөлөрүнүн чоң шаарларында коллектив менен гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.