Саринжи Жумагазиев

Википедия дан
Жумагазиев, Саринжи‎»‎ барагынан багытталды)

Жумагазиев Саринжи (3.11.1937-ж. т., Кочкор району, Орток айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980—85).

1959-ж. Кыргызстан айыл чарба институтунун ветеренария факультетин, 1981-ж. Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн.

1959—61-ж. Кочкор районундагы Жданов атындагы ветеренария участканын башчысы, 1961—67-ж. Нарын районундагы 53-жылкы заводунда ветврач, башкаруучу, 1967—74-ж. Кочкор районундагы "Коммунизм", "Соң-Көл" совхоздорунда парткомдун катчысы, директор, 1974—75-ж. Кыргыз ССРинин айыл чарба министрлигинде совхоздор боюнча башкы башкарманын начальниги, 1975—85-ж. Кыргызстан КП Ат-Башы райкомунун 1-катчысы, 1986—95-ж. Кочкор районундагы мал бордоо чарбасында, Кара-Суу агрофирмасында, Бишкектеги ат майданда (ипподромдо) директор болуп иштеген.

Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.