Эрлан Жумагазиев

Википедия дан
Жумагазиев, Эрлан‎»‎ барагынан багытталды)
Жумагазиев, Эрлан
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жумагазиев Эрлан
Туулган жылы: 1983-жылы 20-октябрь
Туулган жери: Кара Мойнок айылы, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, коомдук ишмер
Учурдагы кызматы: Мугалим


Акын Эрлан Жумагазиев Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында 1983-жылы 20-октябрда туулган.

2000-жылы Ишенаалы Абылгазы уулу атындагы орто мектебин аяктап, 2002-жылга чейин дыйкан чарбасында эмгектенген.

2007-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтун аяктап,

Ысык-Көл районундагы Х.Жээнбаев атындагы Бостери орто мектебине кыргыз тили жана адабияты-тарых сабактарынан мугалим

болуп иштеген жана ошол эле жылдын ноябрь айында Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын чечими менен Жети-Өгүз районундагы

Чоң-Жаргылчак орто мектебине кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп которулган.

Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2008-жылдын сентябрь айынан Кочкор районундагы И.Абылгазы уулу атындагы орто мектебине которулган.

Учурда Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт.

Анын алгачкы ырлары Кочкор райондук «Эмгек туусу» гезитине жарыяланган.

2003-жылдан баштап чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин,

2004-жылдан «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү.

Ырлары мезгилдүү басма сөз беттеринде, «Саамалык», «Алманын мөмөлөрү» өңдүү бир катар альманахтарда жарыяланган.

2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китеби

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жан дүйнө жаңырыгы: Ырлар. – Б.: Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк фонду, 2010. – 48 б.

Колдонулган адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6