Жумагулов Олжобай Жумакадырович

Википедия дан
Жумагулов, Олжобай‎»‎ барагынан багытталды)

Жумагулов Олжобай Жумакадырович (20-июнь 1954-ж. т. Ат-Башы району, Ак- Талаа айылы) — офтальмолог-микрохирург, медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2000). КММИни (1978), ошол эле жерде аспирантураны (1986), докторантураны (1993) бүтүргөн. Ленинградда көз микрохирургиясы боюнча клиникалык ординатурада окуган (1978-80).
1978-ж. КММИнин дарылоо факультетин, 1980-ж. С. М. Киров атындагы Ленинград врачтардын билимин өркүндөтүү институтунун клиналык ординатурасын бүткөн.
1980- жылдан КММИнин (1996-жылдан Медициналык академия) көз оорулары кафедрасында ассистент, доцент (1983—86-ж. ошол институттун аспиранты, 1991—93-ж. — докторанты), 1997-жылдан кафедра башчысы.
Анын эмгектери көздүн микрохирургиясы жана азиздердин медицина-социалдык реабилитация маселелерине арналган. Жумагулов 1996-ж. Республикада 1-болуп азиздерди реабилитациалоонун кайрымдуулук медицина фондусун уюштурган.
1997-жылдан КММАда көз оорулары кафедрасынын башчысы. Көз микрохирургиясы, социалдык офтальмология, лазердик көз хирургиясы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинен 3 ойлоп табуусу бар. Бүткүл дүйнөлүк интелектуалдык менчик уюмунун алтын медалы менен сыйланган (2008, Женева). Эмгектери: Контузия глаз. Ф., 1989; Амбулаторная микрохирургия вторичной катаракты. Б., 1992; Организация неотложной офтальмологической помощи в отдаленных районах Кыргызстана. Б., 1992.
Жумагулов 72 илимий эмгектин, ЗОдан ашык рационализатордук сунуштардын автору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Олжобай Жумагулов, медицина илимдеринин доктору, профессор: "Катаракта - терезени жапкандай, күңүрттүк каптагандай оору" Archived 2020-07-04 at the Wayback Machine
КӨЗСҮЗ – ААЛАМ КАРАҢГЫ(жеткиликсиз шилтеме)