Жумаев Гүлжигит Ажы

Википедия дан

Жумаев Гүлжигит Ажы 1973-жылы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • 1989-жылы Мичурин атындагы орто мектептен 9-классты бүтүргөн,
  • 1991-жылы Дзержинский атындагы орто мектепти аяктап,
  • 1991-1992-жылдары ПИРЯЛдан,
  • 1993-жылы Стамбул шаарындагы Анкара Университетинин “TOMER” тил үйрөтүү борборунан билим алган.
  • 1999-жылы Мармара Университетинин Туркология факультетинде,
  • 2010-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1993-1995-жылдары “БААЛБЕК” туризм компаниясында тур- оператор болуп иштеп баштаган.
  • 1996-1999-жылдары “NART- TOUR» туризм жана авиация-башкы опсратору, аткаруучу жетекчиси, Дагестан, Кубань аба жолдору жана “Майкоп” авиакомпанияларынын Т уркиядагы өкүлчүл үгүнд өжетектөөчү адис,
  • 1997-2000-жылдары “Дасмия” туризм ЖЧКнын Стамбул шаарындагы өкүлү,
  • 2001-2003-жылдары “Дамла- Транс” ЖЧКнын каржы директору,
  • 2003-жылдан бери башкы директору болуп эмгектенет.
  • Ошону менен катар коомдук иштерге активтүү катышып,
  • 2002-2006-жылдары “Кыргызстан Келечеги” саясий партиясынын ревизиондук комиссиясынын төрагасы,
  • 2006-2008-жылдары партиянын төрагасы болуп дайындалган.
  • 2006-жылдан бери Багыш айыл өкмөтүндөгү коомдук кайрымдуулук иштерге аралашып, билим берүү тармагына түздөн-түз көмөк көрсөтүп, айыл өкмөттөгү баардык мектептерге компьютердик жабдыктарды алып келип тартуулаган.
  • 2007- жылы Нарын областынын Кочкор районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга,
  • 2010-жылкы түштүк окуяларынан да четте калбастан, акчалай жана гуманитардык жардам берип келген.
  • Айылдагы, райондогу, областтык оорукана, мектеп, бала бакча, мечиттерге, балдар үйүнө жана маданий мааракелерде демөөрчүлүк кылып жардамын аябай келет.Раатбек Санатбаевдин Көк-Арт айыл өкмөтүндө салттуу түрдө жыл сайын өтүүчү, өспүрүмдөр арасындагы эл аралык грек рим боюнча турнирдин уюштуруу тобунун мүчөсү жана баш демөөрчүлөрүнүн бири.
  • 2014-жылы Улуу акыныбыз Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесинин өтүшүнө, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин үй музейи ачылышына жана эстелигинин курулушуна чоң салымын кошкондордун тизмесинин башында турат.
  • Турнирдин уюштуруу комитетинин төрагалыгын жана демөөрчүлүгүн өзү аркалап,
  • 2015-жылдын 7-8-9-май күндөрү У луу Жеңиштин 7 0 жылдыгына карата жана Советтер Союзунун Баатыры Т укубай Т айгараевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында биринчи жолу Эл аралык турнир өткөздү.
  • 2013-жылдын январь айынан баштап райондук акимдин суранычы боюнча “Сузак жаштык” волейбол клубунун жана райондук волейбол федерациясынын президенти болуп дайындалган.

Ар жылы акыркы коңгуроодо Ш.Базарбаев атындагы орто мектептин 10 мугалимине жана 10 окуучусуна ийгиликтерине карата стипендия берип келет. “Эгемендик” коомдук бирикмесинин башкармасынын жана ЖИА (Жаш Ишкерлер Ассосация) мүчөсү. “Адеп Башаты”, “Ата Журт” кайрымдуулук фонддорунун демөөрчүлөрүнөн.

Билим берүү жана Ички иштер министрлиги, Бажы кызматы жана Афган согушу ардагерлер уюмунун, областтык, райондук, жана айыл өкмөттөр жетекчилери тарабынан көптөгөн алкыш, ардак грамота, дипломдор, төш белгилер, медалдар менен сыйланган. Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамынын ээси. Багыш элинин меценат жана мекенин сүйгөн патриот жигити.

Демөөрчүлүк кылган иштерине жана ар кандай турнирлерди өткөзүүгө жардам көрсөткөн Багыш айыл өкмөт элине жана жетекчилигине, айылдык кеңештин депутаттарына дайыма чоң ыраазычылыгын билдирип келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3