Жумалиева Алма
Жумалиева Алма Оймочу жана саймачы. 1925-ж. Кочкор районундагы Мантыш айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Кыйла жылдары маданий тармакта эмгектенген. Улуу муундагы чеберлердин таасири менен тестиер кезинен узданат. Абалы «көшүрмө сайма», «таңдай сайма», «басма сайма», «жөрмөмө сайма» ыкмаларында учуктуу ийне аркылуу керебетке тарткыч, терезеге тарткыч, сүлгү, кийим жапкыч сыяктууларды орус, украин саймаларына үндөштүрүп узданган. Кийин кийиз буюмдарына жана салттуу илме саймага (шибеге сайма) баш койгон. Алма шырдактарына түшүүчү көркөм оюмдарды ичкерээк кыялданта алат да, ортолук оюмду четтик оюмдан «ит куйрук оюмунан» жасаган «аламычы» аркылуу бөлүп, ал эми жээктик «аламычты» нарындыктарга мүнөздүү «бычак учулантат». Ал энелеринен, таенелеринен калган эски нускалуу үлгүлөрдү көөнөртпөй сактап, ал көркөм оюм-көчөттөрдүн негизинде туунду кооздук жаратат. Анын айрым салттуу буюмдары музейлердин төрүнөн орун алган. Алманын Жумалиева Калбүбү, Жумалиева Марина, Абдыкалиева Динар өңдүү ишенимдүү үйрөнчүктөрү бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0