Жумалиева Шырбүбү
Жумалиева Шырбүбү Шырдакчы жана чырмакчы. 1927-ж. Кочкор районундагы Ак-Учук айылында төрөлгөн.
Чарбада эмгектенген. Шырбүбү абалы бычмачылык-тикмечиликти аздектеп, европалык кийим-кечектерди (китил шым, тумак, өпкө кап ж. б.) арбын тигип «иштүү» аталган. Элүүнчү жылдардан баштап илме (шибеге) сайма саюуга, кийин шырдактын түрлөрүн (кызып шырдак, кара шырдак, жашыл шырдак) табакчалап, «мүйүз оюмдарынын» түрлөрү аркылуу берүүгө өтөт. «Мүйүз оюму» менен «карга тырмак оюмун» ичтен да, сырттан да шарттуу айкалыштырып, «милте» (жээк) басууга машыгат. «Аламычтарын» бычак учулап, аккара түстү арбын берүү менен түр эмес шырдакты арбын жасайт. Чүйлүктөргө анча мүнөздүү эмес чий чырмакчылыкты да кармайт. Ага түшкөн көркөм көчөттөрүнүн жарым жартылайы «тап бердирме» (чыбыхтоо) менен чырмактоого айкалышып, өзүнчө «Ж» түрүндө көчөт-оюм жараткан. Ал кызыл, сары, ак, жашыл (муну арбын алат) өңдөрдү узчулугунда дайыма пайдаланат. Азыр Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында жашайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1974-ж. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата «Элдик кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөттү өз алдынча сүйүүчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Кооз үлгүлөрү үчүн Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин Ардак грамотасы; 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Ашкаяа чийи (чыгданы) үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0