Жуман Акималиев

Википедия дан

Акималиев Жуман (1938-ж.т., Ак-Талаа району, Үгүт айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1995).
КММИни бүткөн. 1961-72-ж. Нарын облустук ооруканасында бөлүм башчы, медицина окуу жайынын директору, Ак-Талаа райондук оорукананын башкы врачы, облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, 1972—80-ж. Нарын облустук Советинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1980—85-ж. Кыргызстан КП Нарын шааркомунун 1-катчысы, 1985-жылдан элдик контролдун Ысык-Көл облустук комитетинин, жаратылышты коргоо комитетинин төрагасы, 1966—71-ж. жана 1992-жылдан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин башкы врачы. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.