Жумашев Акынбек

Википедия дан

Жумашев Акынбек 1941-жылы 20-июлда Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

  • 1948-жылы Көк-Жангак шаарындагы кыргыз мектебине кирип 1958-жылы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун “Ленин жолу” колхозунда тракторист болуп иштеп баштаган.
  • 1961-жылы Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылып, бир жыл Самарканд шаарында андан кийин эки жыл Түркменстанда кызмат өтөгөн.
  • 1965-жылдан Дружба савхозунда жумушчу болуп иштеп, ошол эле жылы Кыргыз Сельхоз Институтунун өндүрүштүк чарбасына тракторист болуп которулат.1966-жылы Скрябин атындагы Айыл Чарба Институтунун Агрономия бөлүмүнө кирип,
  • 1971-жылы толук курсун бүткөн.1971-жылдан баштап “Дружба” совхозунда Агроном Семеновод болуп ишин уланткан.1975-жылы “Дружба” совхозуна Башкы Агроном болуп дайындалган.
  • 1977-жылы Сузак Райондук Мамлекеттик дан урук инспекциясында инспектор болуп иштей баштайт.1995-жылдан баштап 2002-жылга чейин Сары-Булак дыйкан чарбасында Агроном болуп эмгектенип учурда ардактуу эс алууда.
  • 4 уул 2 кыздын атасы.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3