Жумшак лак,

Википедия дан

Жумшак лак, сыйрылуучу лак – оттискте карандаш менен тартылган сүрөттү элестеткен металлдагы тереңдетилген гравюранын техникалык бир түрү. Сүрөтчү жеңил сыйрылуучу гравюралык кыртышы жаткырылган тактага салынган жука, тегиз эмес кагаздын үстүндө кадимки эле карандаш (же жыгач таякча) менен иштейт. Сүрөттүн сөлөкөтүн кайталаган боёк кыртышынын майда бөлүкчөлөрү кагазга жабышып калат жана аны менен чогуу сыйрылат, андан соң тактаны оюп күйгүзүшөт. Ж. л. техникасы XVIII кылымдын экинчи жарымында ойлонуп табылган, бирок көбүрөөк XIX–XX кылымдардарда колдонула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]