Мазмунга өтүү

Жунушбаев Мадис

Википедия — ачык энциклопедия

Жунушбаев Мадис (1948-1995) Жыгаччы. Ат-Башы районундагы Пограничник айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. «Кызыл-Туу» мектебинде кол эмгек мугалими болуп иштеген. 1983-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн уздануучу чебери. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук фестивалынын лауреаты. Ага Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлиги 1989-ж. «Жогорку сынактагы чебер сүрөтчү» деген наам ыйгарган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Автордук укукка ээ Мадистин бешиктери дүкөнгө чыгып, ал көчкөндө өңөрүп жүрүүгө да шартташкан. Уста буюмдун мурунку сын-сыпаттарын сактоо менен өзүнүн чеберчилигинин натыйжасында үлгүнүн жаңы түрүн ойлоп табууга, чыгармачылыкта андан ары аны өнүктүрүүгө жетишкен. Бешиги жалаң жыгачтан сырдалбай жасалып, жыгач өзүнүн жекече касиетин өзү гана дааналап көрсөтүп турганы менен чыныгы жыгаччылык өнөрүн баяндоодо. Чебер бешигинин башкы бөлүгүнө тартма (суурма) жасайт. Ал бир нече кутучаларга бөлүнөт. Ага наристенин упчусу, оюнчугу, жүз аарчысы, татымалдары жана ушул сыяктуу өздүк буюмдары сакталат. Бешиктин аяк-баштарына атайын көркөмдүк үчүн чырмак чий кынапталат. Шырдакка түпгүрүлүүчү элдик оюм түшүрүлөт. Чебер бешиктин бири-бирине окшошпогон түрлөрүн да жыгачтын табиятына кармайт. Мадис ашкана буюмдарын да кармайт. Мында жыгачтын ички касиеттерин тааный билет. Карагайдын жаш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу муунактары, сызыктары болуп, чайырдуу, бутактуу болгондуктан аны иштетүү татаал. Ошондуктан көбүнчө теректи пайдаланат. Терек бети аппак, ойдогудай иштетүүгө жумшак болот. Мадис жүк такта, сабаа такта, үкөк өңдүү салттуу буюмдардын түп нускаларына да аябай назар таштайт. Чанда гана жыгаччылардын колдорунан тама турган мындай үлгүлөр азыр колдонмолук да, жасалгалык да мааниге ээ болуп, бул буюмдарга чебер «кыял оюму», «табак оюму», «мүйүз оюму» өңдүүлөрдүн элементтерин табакча-табакча жана жалпы оюм менен так жана төп түшүрөт. Аны сырдоонун элдик эски ыкмаларын жыгаччы дал өзүндөй пайдаланат. Жыгач буюмдарынын өңүн арттыра турган жошону Мадис жармага кошуп ачытып, анан жыгач бетине сүртөт. Андан кийин койдун боору менен (көк боору, каны) жаап, буюмдун өңүн ачат. Кийин эчтекеге жукпаган бул буюм түбөлүктүү түскө ээ болот. Муну менен бирге ал босого-таякка, каалга өңдүү буюмдарга да көркөм оюм түшүрөт. Чоң энеси Тойдунун нускасын алган Мадис Жунушбаев өз өнөрканасынан үйрөнчүктөрдү өстүргөн. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компаргиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Бешиги үчүн Эл чарбасынын жетишкендиктеринин республикалык көргөзмөсүнүн I даражадагы диплому; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык сынагы». «Жүк такта», «Үкөк», «Бешик» өңдүү буюмдары үчүн I даражадагы диплом; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Такха, бешик, кырма идиштери менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0