Жунушев Керим
Жунушев Керим - (12. 10. 1925-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району Кереге-Таш айылы) экономика илимдеринин доктору (1971). Экономика теориясы боюнча адис. Кыргызстан КП БКга карашгуу республика. партия. мектепти (1965), КПСС БКга караштуу Жогорку партия. мектепти (1959) бүткөн. Кыргызстан КП БКнын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондук комитеттеринде инструктор (1951-58), Кыргыз CCP ИА ЭИде илимий кызматкер (1959-67), ФПИде доцент (1967-72), КМУда профессор (1973), 1995-жылдан илимий кеңешчи болуп иштеген. 70тен ашуун илимий эмгеги, анын ичинен 10 монографиясы жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, ордендер жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Развитие товарно-денежных отношений в дореволюционной Киргизии. Ф., 1965; Сущность и пути использования закона стоимости. Ф., 1974; Действенность факторов перестройки. Ф., 1990.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5