Жусубалиев Али Бурканович

Википедия дан
Жусубалиев Али Бурканович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Жусубалиев Али Бурканович
Туулган жылы: 1977-жылы 1-январь
Туулган жери: Ноокат районунун Ак-Булак айылы
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Теология факультети
Илимий даражасы : «Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)
Илимий наамы: (PhD) доктор

Жусубалиев Али Бурканович 1977-жылы 1-январда Ош областына караштуу Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. 1984-жылы Тельман атындагы орто мектептин (азыркы күндөгү С. Токторов атындагы орто мектеп) босогосун аттап, 1994-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы ОшМУнун теология факультетине тапшырып 1999-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Түркия Мамлекетинин Анкара университетинин базасындагы магистратурага тапшырган. 2001-жылы 13-июнда Түркия Мамлекетинин Анкара университетинде «Фергана аймагында Ислам дининин кирүүсү жана жайылуусу» - деген темада магистратуралык диссертациясын түрк тилинде жазып коргогон. Ошол эле жылы жогоруда аты аталган окуу жайда докторантурага баштап, 2007-жылдын күзүндө Түркия Мамлекетинин Анкара университетинде «Кыргыздардын Исламды кабыл алуусу»- деген темада доктордук (Европа стандартындагы (Ph.D) диссертациясын да түрк тилинде жазып ийгиликтүү коргоп, теологиянын доктору деген академиялык даражага ээ болгон. Жыйырмага жакын илимий макалалардын автору.

Катышкан эл аралык программалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Мевляна алмашуу программасы, Кастамону университети, 2015-2016-окуу жылы.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монографиялары, китептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы. 1-басылышы. - Бишкек, 2016.
  • 2. Ислам (Ыйман, ибадат жана ахлак). – Ош, 2013. (авторлор)
  • 3. Хутбалар (Дин кызматкерлери үчүн колдонмо) Бишкек, 2016. (авторлош, китептин редакторлугу милдети.)
  • 4. Орто Азияда ислам дининин жайылуу тарыхы (Фергана өрөөнү мисалында) Бишкек 2022.

Кыргызчага которгон эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 4. Түркия Дин Иштери Башкармалыгынын чыгармаларынан «Хадистердин негизинде ислам» (Hadislerle İslam) аттуу эмгегинин 3-тому кыргызчага которулуп, 4 жана 7-томдору редакцияланды.
  • 5. А. Х. Аксекинин «Ислам дини» аттуу эмгегинде котормо группасында болуп, китептин редакторлугун аткарды.
  • 6. Түркия Дин Иштери Башкармалыгынан жарыкка чыккан «Пайгамбарымды таанып билем» кыргызчага которулуп басмадан чыкты. 2007.
  • 7. Ажы Мехмет Кемалпилавоглунун «Балдар үчүн пайгамбарлар тарыхы» китеби кыргызчага которулуп басмадан чыкты 2007.

Журналдарда жарыяланган макалалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Орто кылымдарда азыркы кыргызстан аймагында жана кыргыздарда билим берүү маселеси. //Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин илимий журналы. – Ош, 2004.
  • 2. Кыргыз маданиятында Азирети Мухаммед сүйүүсү. //V- международная научная конференция, Вестник Ошского государственного университета специальный выпуск, Ош-2008.
  • 3. Kırgızlarda islami eğitim üzerine tarihi bir bakış. //Ош мамлекеттик университети теология факультетинин илимий журналы, 14-15- саны, Ош 2011.
  • 4. Кыргыз макалдарында ишенимге байланыштуу мотивдер. //Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин илимий журналы, 18-19-саны, Ош 2013.
  • 5. Мусулман авторлорунун чыгармаларында Ош шаарынын чагылдырылышы (IX-XVI кылымдардын аралыгы). //Ош мамлекеттик университетинин жарчысы, Ош 2014.
  • 6. Тарыхта кыргыздарда диний билим берүү системасы. //И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы, Бишкек 2014.
  • 7. Бул китепче шаарлардын жакшысы-Ош шаарынын өзгөчөлүгү жөнүндө (Бу рисалеи хайрул-булдан Ош шехринин сыфаты). //ОшМУ теология факультетинин илимий журналы, 20-21 саны, Ош 2015.


Эл аралык симпозиумдарда сунган докладдары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • İslam tarihi kaynağı olarak kırgız şecereleri (Ислам тарыхы булагы катары кыргыз санжыралары). // Uluslararası Türk dünyasının İslamiyete Katkıları Sempozyumu, Ыспарта-Түркия, май-июнь 2007.
  • Кыргыздардын ислам динин кабыл алуусунда Ясавиликтин ролу// Материалы международной конференции исламская цивилизация в Центральной Азии, Астана-Казакстан, сентябрь 2007 (Стамбул 2010 басылды.)
  • Чыңгыз хан доорундагы кыргыз уруулары жана алардын кыргыз элинин калыптануусундагы ролу// VI Түрк дүйнөсүнүн Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, Жалалабат, 2008.
  • Кыргыздардын исламды кабыл алуусунда ясавилик жана накшибандиликтин ролу// VIII Түрк дүйнөсүнүн Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, Жалалабат, июнь 2010.
  • Жаштарга диний тарбиянын берилиши: үй бүлөдө, коомдо, мектепте// I Республикалык симпозиум, Бишкек 2013.
  • Kaybolmaya Başlayan Yesevi İzbasarları-Laçiler// Hacettepe Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü” Dilleri ve Kültürleri Yok olma Tehlikesine Maruz Türk Toplulukları 4. Uluslararası Türkiyat Araştırmaları Sempozyumu, 23-26 Mayıs 2012. Ankara/ Türkiye. (Ankara 2013 yayınlandı)
  • Ali Şir Nevâî’nin “Mahbubu’l-Kulub” adlı eserindeki topluma yön veren Ahlaki Meziyetler//“Doğumunun 570 yıl dönümü nedeniyle Ali Şir Nevâî” Uluslararası Avrasya’ya Yön Veren Şahsiyetler-I Sempozyumu, 24-25-Şubat 2012 Fatih Üniversitesi, İstanbul.
  • Kırgızlar’ın İslamiyeti Kabulünde Tasavvuf ve Tarikatlerin Rolü// Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Орто Азияда Ислам Маданияты II” эл аралык симпозиуму. – Бишкек: 12-15-октябрь 2012.

Өлкө аймагындагы конференцияларда сунган докладдары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Дүйнөлүк диндерде толеранттуулукка карата көз караштар. //Кыргызстандын түштүгүндө этностор аралык мамилелер: Азыркы абал жана перспективасы аймактык илимий-практикалык конференцияы. – Ош. 2013.