Жусупбеков Асанбай

Википедия дан
Жусупбеков, Асанбай‎»‎ барагынан багытталды)
Жусупбеков Асанбай
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанбай Жусупбеков
Туулган жылы: 1944-жылы 24-июнь
Туулган жери: Кара Суу айылы, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, журналист
Учурдагы кызматы: Коомдук ишмер


Акын, фольклорчу, журналист Асанбай Жусупбеков Аксы районунун Кара-Суу кыштагында 1944-жылы 24-июнда туулган.

Таш-Көмүр шаарындагы № 3 орто мектебинен орто билим алган.

1963–1967-жж. Балтика Аскер-Деңиз флотунда аскердик кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1967–1968-жж. Таш-Көмүр шаарынын «Северная» шахтасында иштөө менен баштаган.

1968–1973-жж. ССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

1973–1974-жж. Жаңы-Жол районунун Успеновка орто мектебинде мугалим, 1974–1991-жж.

Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын окутуучусу,

Кыргыз тили жана адабияты секциясынын төрагасы болгон.

1991-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусу жаңыдан уюшулганда,

облустук «Акыйкат жарчысы» гезитинин адабият жана каттар бөлүмүнүн башчысы,

1992–1993-жж. «Кыргыз тил» коомунун жооптуу катчысы, 1993–1997-жж. облустук маданият башкармасында фольклор жыйноочу,

1997–2001-жж. облустук Эл чыгармачылыгы борборунда жетектөөчү адис,

2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасы,

Жеңижок коомдук фондусунун директору болуп иштеп келет.

Ал улуу акын Жеңижоктун ырларын чогултуп, китеп кылып чыгарып, мектепке,

көчөлөргө Жеңижоктун ысымын койдуруп, Үй музейин салдырып, бейитине эстелигин койдуруп,

мааракелерин өткөрүүнүн демилгечиси.Ошондой эле «Курманбек» эпосун жазып чыккан

жана баатырдын 500 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде өткөрүү маселесин биринчи болуп көтөргөн.

Токтогул, Жеңижок, Коргол, Барпы, Алтымыш Мундузбаев, Кади Сатиев,

Качкынбек Атышев ж.б. акындардын ырларын жыйнап, «Элдик казына» китебине кийирип,

1-томун Жалал-Абад шаарынан чыгарган. «Жеңижок», «Таирбек төкмө», «Токтосун»,

«Курманбек», «Жеңижок-2», китептерин түзгөн.

Ал 1966-жылы «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине жыйырма жыл» медалын

жана 1987-жылы «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги» төш белгисин,

1995-жылы «Манас-1000» юбилейлик медалын, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын

Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасын,

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз тили

жана адабияты институтунун Ардак грамотасын алган жана 2005-жылы “Аксы районунун ардактуу атуулу”,

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамдарына ээ болгон.

1991-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.



Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абийир: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 26 б.
  • Жеңижок: Ырлар /түзгөн А.Жусупбеков. Ф.: Кыргызстан, 1982. 286 б.
  • Токтосун томдугу: Ырлар. Б., 1987. 548 б.
  • Элдик казына. I том: Ырлар /түзгөн А.Жусупбеков. Жалал-Абад, 1994. 404 б.
  • Курманбек 500: Эпос /түзгөн А.Жусупбеков. Жалал-Абад, 1998. 504 б.
  • Жеңижок-2: Ырлар /түзгөн А.Жусупбеков. Б.: Шам, 1999. 318 б.
  • Курманбек кыргыз сыймыгы (Курманбек эпосу боюнча макалалар жыйнагы). – Б.: Жазуучулар союзу, 2001. 148 б.
  • Жеңижок: Ырлар /түзгөн А.Жусупбеков. Б.: Мурас, 2004. 543 б.
  • Жеңижок: Ырлар /түзгөн А.Жусупбеков. Б.: Бийиктик, 2006. 318 б.
  • Курманбек: Эпос (толукталып экинчи басылышы) /түзгөн А.Жусупбеков. Б.: Мурас, 2007. 600 б.
  • Азамат: Ырлар, поэмалар. 1 том. Б.: Мурас, 2007. 448 б.
  • Курманбек – кыргыз сыймыгы (экинчи жолу толукталып басылышы). Жалал-Абад, 2008. 148 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]