Жусуп Абдырахманов

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жусуп (Юсуп) Абдырахманов (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык Көл району, Жаркымбаев айылы – 1938, Бишкек, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – кыргыздын чыгаан саясий жана мамлекеттик ишмери; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү.

Кыскача өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

1911–16-ж. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус- жергиликтүү мектебинде, Каракол шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган.

1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген.

1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан.

1919-ж. Верный (Алматы) шаарыннда командирлик курста окуган.

1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда иштеген.

1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу катчысы болуп шайланган.

1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.

1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.

1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон.

1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык б-ча орун басары болуп иштеген.

1937-ж.10-июнда А. контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа м-н камакка алынган.

1938-ж. 5-ноябрда атылган.

1958-ж. акталган.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

А. өз элинин тарыхын изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат.

Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н жарык көргөн.

1916-жылкы көтөрүлүш ж-дө чындык ж-а акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» ж. б. китептери белгилүү.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

А-дун ысымы м-н Ысык-Көл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган. Туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.


Маалымат булактары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)

Маалымат булактары[оңдоо | булагын оңдоо]