Мазмунга өтүү

Жутулуу (жуптуулук) коэффициенти

Википедия — ачык энциклопедия

Жутулуу (жуптуулук) коэффициенти – нерсе жуткан нур агымынын нерселерге түшкөн нур агымына болгон катышы.

Түшкөн нурдун спектри жазы болсо интегралдык, ал эми диапазону кууш болсо, монохромдук Жутулуу коэффициенти деп аталат. Энергиянын сакталуу закону боюнча Ж.к-нин чагылуу жана өткөрүү коэффициенттеринин суммасы бирге барабар. Жутулуу коэффициенти жарык өтүүчү кат-мардын калыңдыгына, б. а. нерсенин өлчөмүнө көзкаранды. Спектроскопияда « Жутулуу коэффициенти » термини кээде жутулуу көрсөткүчү деп түшүнүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]