Жууку, ашуусу

Википедия дан

Жууку ашуусу - Тескей Ала-Тоодо. Жууку суусунун башында. Ысык-Көл өрөөнүн Ички Теңир-Тоо (Арабел өрөөнү) менен байланыштырат. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 3633м. Барскон ашуусунан 120 м көтөрүңкү жатат. Аймагындагы чокулардан 700—900 м төмөн турат. Түндүк жана түштүккө карай куржун тибинде артылган байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Мойногу жапыз, түзөң, морена тектери жана шагыл менен төшөлгөн. Капталдары урчук таштуу, түндүк бети өтүүгө татаал, түштүк (Арабел) тарабы дээрлик түз. Палезойдун гранит тектеринен турат. Мөңгү тартылганда ашуунун түндүк тарабындагы тепши сымал өрөөндүн таманында 3395 м бийиктикте Жашыл-Көл (узундугу 800 м, туурасы 300 м), түштүгүндө Чоконун көлү (узундугу 3 км,туурасы 200—500 м) пайда болгон. Июнь - октябрда ачык. Ашуу аркылуу мал ашырылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2