Жыламыш гранит кени
Көрүнүш
Жыламыш гранит кени - Чүй өрөөнүндөгү гранит ташы жаткан жер. Сокулук районунда, Новотроицк темир жол бекетинен 23-26 км түштүктө, Жыламыш суусунун оң өйүзүндө. Кен аймагын ордовик мезгилинин аягында гранит интрузиясы жиреп чыккан. Гранит орто жана ири кристаллдуу, боз, кызгылт жана кызыл түстө. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жаркырап калат. Запасы бир нече млн м3ге жетет. Гранит имараттын ичи-тышын кооздоп каптоого жарактуу; көркөм буюмдарды жасоого да болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5