Жыланды, суу
Көрүнүш
Жыланды | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 23 км |
| бассейндин аянты | 140 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Ош облусу |
| Район | Өзгөн району |
Жыланды – Өзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк батыш тармагы Кумбел тоосунун түндүк-батыш капталынан баш-талат. Узундугу 23 км, алабынын аянты 140 км2, алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1600 м. 4 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 1,10 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан -чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка кеңири пайдаланылгандыктан суусу Жазыга жетпейт. Жээгинде Жыланды кыштагы жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2