Жылаңач уруктуу өсүмдүктөр

Википедия дан

Жылаңач уруктуу өсүмдүктөр (Pinophita) -жабык уруктуулар (гулдүү) менен папоротниктердин ортосундагы абалды ээлөөчү өсүмдүктөрдүн ото байыркы тобу.

Алардын уругу мегаспорофиллдердин үстүндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан Жылаңач уруктуу өсүмдүктөр ден аталган. Булар папоротниктерден урук-бүчүрү менен жабык уруктуу өсүмдүктөрдөн мөмө-жалбыракчасынын жоктугу менен айырмаланат. Байыркы жана жонокой түзүлүштүү өкүлдөрүнүн тобурчактары жок, микроспорофиллдери жана мегаспорофиллдери узун өркүндөрундө бош жайгашкан. Азыркы убактагы Жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн бардыгынын тобурчактары бар, алар бир жыныстуу, б. а. аталык тобурчагы микроспорофиллден, энелиги мегаспорофиллден түзүлөт. Жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн бардыгы дарак жана бадал. Жалбырактары майда, ичке түрпү же канат сымал, анатомиялык түзүлүшү, үттөрү боюнча да бири биринен айырмаланат.

Көпчүлүгүнүн ксилемадагы суу өткөргүч элементтери жалаң трахеиддерден, вельвичия, гнетум жана чекенделердики түтүкчөлөрдөн турат. Алар девон мезгилинин башында пайда болгон. Мезозой заманында алар абдан өнүгүп, кеңири таралган. Кийин геологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кээ бири жоголо баштады. Азыр жер бетинде 600го жакын түрү өсөт, ийне жалбырактуулар, саговниктин 100, чекенденин 45 жана гнетумдун 40ка жакын туру белгилүү. Жабык уруктуу өсумдүктөрдүн өсүп, өнүгүү жолун, алардын ортосундагы эволюциялык байланыштарды аныктоодо Жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдү изилдөөнүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.