Жылга

Википедия дан

Жылга - тоо капталында жаан-чачын жешинен пайда болгон анча терең эмес коктучалар. Жылга көп учурда кыртыштанып, чөптүү жана бадалдуу келет. Чулу тектүү бетте «таш жылга» болот. Тоо капталынын ортоңку тилкелеринде жана этектеринде, ошондой эле ири дарыя өрөөндөрүндө кездешет. Жерге топонимдердин бири катары Кара-Жылга, Суу-Жылга, Жылга-Булак, Карагайлуу-Жылга, Эчкили-Жылга, Ээн-Жылга, Бадалды-Жылга жана башка сыяктуу географиялык аттарда кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]