Жылдызча мөңгүсү

Википедия дан
Жылдызча, мөңгү‎»‎ барагынан багытталды)

Жылдызча мөңгүсү - Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында Борбордук Теңир-Тоодо Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн түштүк негизги тармагы. Узундугу 16,5 км, аянты 91,8 км. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 7439 м (Жеңиш чокусу) бийиктикте жатат. 4110 м негизги мөңгү кошулат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Мөңгү бүт бойдон фирн областында жатат. Мөңгүнүн узундугу 1 км ге жетет. Фирн облусу дээрлик Жеңиш чокусунун түндүк капталында жатып, тепкич сымал кертилген муз жаракалары менен татаалданган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]