Жылдык шакектер

Википедия дан

Жылдык шакектер - 1) өсүмдүктүн жыгачтын камбийинин бир вегетация мезгилиндеги аракетинен пайда болгон катмары. Жыгачтын жазында пайда болгон элементтери күзүндө пайда болгондоруна караганда ири жана жука кабыктуу болгондуктан, жыгачтагы ар жылы пайда болгон катмарды оңой эле ажыратууга болот. Жылдык катмарды экинчи флоэмадан, экинчи жабуучу ткандан, дарактын арааланган сөңгөгүнөн көрүүгө болот. 2) Жаныбардын жылдык шакектери организмдин катуу структурасында мезгилдүү (кээде жылыга) пайда болуучу жана узакка сакталуучу түзүлүш. Мезгилдик ткандын өсүүсүнүн өзгөрүшүнөн пайда болот. Жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулардын жалпак сөөктөрүн, кабырчыгын, тырмагын, раковинасын күнгө салып караганда көрүнөт. Жылдык шакектер жаныбарлардын жашын көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]