Жылдыруу (геометрия)

Википедия дан

Жылдыруу (геометрия) - геометриялык. өзгөртүүнүн бир түрү; тегиздикти (евклид мейкиндигин) каалагандай эки чекитинин арасындагы аралык сакталгандай геометриялык өзгөртүү. Жылдырууда тегиздиктеги (мейкиндиктеги) F фигурасы ошол эле тегиздиктеги (мейкиндиктеги) F’ фигурасына өзгөртүлөт (F=F’). Геометриядагы жылдыруу түшүнүгү механикалык кыймыл түшүнүгүнөн айырмаланат. Механикалык кыймыл убакытка көз каранды болгон үзгүлтүксүз процесс, ал эми геометриялык. Жылдырууда фигуранын баштапкы жана акыркы абалындагы процесс каралат. Тегиздиктеги окко карата симметрия, параллель которуу, чекиттин айланасында буруу, борбордук симметрия жылдыруу болот, анткени бул геометриялык өзгөртүүлөрдүн ар биринде эки чекиттин аралыгы өзгөрбөйт. Жылдыруу тегиздиктин багытын өзгөртпөсө 1-түрдөгү жылдыруу (параллель которуу, буруу жана борбордук симметрия), ал эми багытын карама-каршыга өзгөртсө 2-түрдөгү жылдыруу (окко карата симметрия) деп аталат. Эки жылдыруунун композициясы (көбөйтүндүсү, удаалаш аткарылышы) кайрадан жылдыруу болот. Жылдыруулардын композициясы ассоциация законуна баш ийет. Берилген жылдырууга тескери жылдырууну дайыма табууга болот. Ар кандай кесинди өзүнө өзү барабар,башкача айтканда өзүнө өзү өзгөртүлөт деп эсептелет. Бул учурда теңдеш жылдыруу алынат. Демек жылдыруулардын көптүгү группаны түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]