Жылуулуктан көрүү
Жылуулуктан көрүү – нерселердин сүрөттөлүшүн алардын өздүк же чачыранды жылуулук нурлануусу аркылуу көрүү.
Оптикалык тунук эмес чөйрөдөгү караңгыдагы жана ошону менен бирге калкаланган нерселердин ордун аныктоо үчүн колдонулат. Ар бир нерсе өзүнүн касиетине жараша электр-магниттик толкундардын областына тиешелүү болгон инфракызыл (ИК) нурланууну нурлантат.
Эгерде адамдын көзү ИК нурланууну сезсе, анда айлана-чөйрөдөгү нерселердин нурлануусунун негизинде эч нерсени көрө алмак эмес. Мына ушул себептен нерселерден чыккан ИК нурланууну, электр сигналына өзгөртүп түзүүчү приборлор - тепловизорлор колдонулат. Тепловизорлордун негизин ИК нурлануунун өтө сезгич кабыл алгычтары түзөт. Оптика-механикалык сканердин жардамы менен нерсенин ар бир чекити кабыл алгычка проекцияланып, андан алынган электр сигналдары телевизиондук түтүккө берилет да, түтүктүн экранында нерсенин сүрөттөлүшү алынат. Мындай кабыл алгычтар температурасы чөйрөнүн температурасынан өтө аз айырмаланган (0,01–0,001°Сге чейин) нерселердин даана сүрөттөлүшүн алууга жардам берет. Ж. к. согуш техникасында чалгындоо, байкоо жүргүзүү иштеринде, медицинада ар түрдүү оорулардын атын аныктоодо, навигацияда, геологиялык изилдөөлөрдү, илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, жылуулук процесстерин изилдөөдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0