Жылуулук алкактар

Википедия дан

Жылуулук алкактар, Жердин жылуулук алкактары, температуралык алкактар, термиялык алкактар - Жердин абасы өзүнө мүнөздүү температурасы менен өзгөчөлөнгөн кеңдик алкактары. Адатта, 7 жылуулук алкакка бөлүнөт: тропик алкактарындагы ысык алкак (жылдык изотерма сызыктарынын аралыгы 20°С, айрым жеринде абанын температурасы 30°Сден ашат); түндүк жана түштүк жарым шарлардагы мелүүн алкактар(20°С жылдык изотерма сызыгы менен эң жылуу айдын 10°С изотермасынын аралыгы); эки жарым шардагы музак алкактар(эң жылуу айдын 10°С изотермасы менен 0°С изотерма сызыгынын аралыгы); түбөлүк сууктун 2 алкагы (бүт айлардын изотермалары 0°Сден төмөн).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]