Жылуулук изоляциясы

Википедия дан

Жылуулук изоляциясы - имараттардын, өнөр жай жылуулук курулмаларынын (же алардын айрым түйүндөрүн), муздаткыч камералардын, өткөргүч түтүктөрдүн жана башкалардын жылуулугун айлана-чөйрөгө чыгарбоочу иш чаралар. Мисалы, курулуш жана жылуулук энергетикасында жылуулук изоляциясы айлана-чөйрөгө чыккан жылуулукту азайтуу үчүн, муздаткыч жана криоген техникасында аппаратураларды сырттан келген сууктан сактоо үчүн пайдаланылат. Жылуулук изоляциясы жылуулук өткөрбөөчү материалдан жасалган атайын тосмолор аркылуу камсыз болот. Жылуулук изоляциясында төмөнкүдөй материалдар колдонулат: аба же суу аркылуу жылуулук алмашууда аба өткөрбөөчү материалдан жасалган тосмолор; нурдуу жылуулук алмашууда жылуулук нурун чагылтуучу материалдар (мисалы, фольга, металл, лавсан плёнкалары); жылуулук өткөрүү учурунда көңдөй түзүлүштөгү материалдар. Жылуулук изоляциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу жогорку көңдөйлүү материалдарды жана аба катмары болгон көп катмардуу конструкциялык түзүлүштөрдү колдонуу аркылуу жетишилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]