Жылуулук тармагы

Википедия дан

Жылуулук тармагы - имаратты жылытуу, технологиялык процесстер үчүн ысык суу менен бууну керектөөчүлөргө жеткирип жана бөлүштүрүп берүүгө арналган түтүктөр (куурлар) системасы. Жылуулук тармагы. Изоляциялоочу жана бекиткич материалдар, жөнгө салуучу арматуралар, текшерүүчү жана өлчөөчү приборлор, байкоочу кудуктар, жылуулуктан болгон кеңейүүнү теңдештирүүчү түзүлүштөр менен жабдылат. Ал жер астындагы мачталарда жана эстакадаларда жайгаштырылып, айлантма жана радиустук болуп бөлүнөт. Айлантмада бузулган жерин оңдоодо (бузулган жерди жалпы тармактан бөлүп алат) жылуулук тармагы үзгүлтүксүз иштей берет. Жылуулук тармагынын радиустук түрү куруу наркы арзан болгондуктан, көбүрөөк колдонулат. Ар кандай чоңдуктагы буну жана сууну бир убакта жеткирүү жана иштетилген сууну кайра артка кайтаруу үчүн жылуулук тармагына бир нече түтүк орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]