Жылытуу

Википедия дан

Жылытуу - жылдын суук мезгилинде турак үйлөрдү, коомдук жана өндүрүш жайларын санитардык техникалык шартка ылайык жылуу температурада кармап туруучу жасалма жылытуучу түзүлүштөр. Алгачкы жылыткыч түзүлүштөр таш доорунда эле белгилүү болгон. Адегенде түтүн чыгуучу түтүктөрү бар жылыткыч мештер колдонулган. Жылытуу. системасынын негизги бөлүгү борбор. Жылытуу системасы болуп эсептелет. 15-кылымда аба менен жылытуу пайда боло баштады. Суу жана буу менен жылытуу 19-кылымда өнүктү. 20-кылымдын башында нур менен жана панелдүү жылытуу ишке киргизилди. Жылытуу негизинен жерге жана борбордук болуп экиге бөлүнөт. Меш, газ жана электрдик жылытуу жерге болот. Борбордук Жылытуу. системасы төмөнкүлөрдөн турат: 1) жылуулук генератору (казан, меш) күйгөн отундун жылуулугун аба, суу аркылуу бөлүп чыгарат; 2) ысыткыч жабдуулар жылуулукту аба аркылуу берүүчүлөр; 3) жылуулук өткөргүчтөр жылуулук булагынан ысыткыч жабдууларга жылуулук жеткирүүчү түтүктөр же каналдар тармагы. Айрым учурда адамга таасири жакшы болгондуктан, нур менен Жылытуу. колдонулат. Мында Жылытуу. имараттын шыбына же дубалына киргизилген ичинде ысык суусу бар болот түгүктөрүнөн чыгуучу нур менен ишке ашырылат. Борбордук жылытуу. түйүндөрүндө жылуулук алып жүргүч катары суу, буу жана аба пайдаланылат. Айрым учурда айкалыштырылган жылытуу тармагы колдонулат. Буларга буу-суу, буу-аба, суу-аба жана башка жылытуу. системалары кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]