Жыргалбеков, Карабай

Википедия дан

Жыргалбеков Карабай (1.1.1938-ж. т., Ак-Талаа району, Коңорчок айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1971—80).
1955-ж. Бишкек айыл чарба техникумун, 1961-ж. Кыргызстан айыл чарба институтун, 1970-ж. Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1961—65-ж. Тогуз-Торо районунда зоотехник, комсомолдун Тогуз-Торо, Ак-Талаа райондук комитеттеринин катчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКда бөлүм башчы, 1965—70-ж. Кыргызстан КП БКда инспектор, айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1970—79-ж. Тогуз-Торо, Жумгал райкомдорунун 1-катчысы, 1979—87-ж. Ош облусунда облустук айыл чарба мекемелеринде жетекчи кызматтарда, 1987—96-ж. Ак-Талаа районунда Ленин колхозунун башкармасынын төрагасы, 1996- жылдан «Кыргызжанармай» компаниясынын 1-вице-президенти. 2 «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.