Жээналиев Курманали

Википедия дан

Жээналиев Курманали. 1927-жылы азыркы Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

  • Мектепти бүткөндөн кийин, 1947-жылы Өзбекстандын Анжиян шаарындагы Педагогикалык институтунун математика факультетине окууга тапшырып, аны 1951-жылы ийгиликтүү аяктаган.
  • Бүткөндөн кийин, Анжиян облусунун Коргон-Төбө районундагы М. Горький атындагы мектебинде 1956-жылга чейин мугалим болуп эмгектенген.
  • 1956-жылы Сузак районунун Орто-Азия мектебине которулуп, ал жерде 1963-жылга чейин директордун орун басары болуп иштеген.
  • 1963-жылы өз айылына келип, У. Абдукаимов атындагы орто мектебинде директор, директордун орун басары, мугалим болуп эмгектенип жүрүп, 1990-жылы эс алууга чыгат.
  • Өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, анын натыйжасында, “Эл агартуунун отличниги” наамын, жана көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 1998-жылы ажылык сапарга чыгып, ажы болуп келет.
  • Пенсияга чыккандан кийин Беш-Бала айылында айыл аксакалы болуп жүрүп, 2003-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3