Жээнбай Акимжан

Википедия дан

Жээнбай Акимжан (1960-ж. т., Ноокат району, Төөлөс айылы) - композитор, эл аралык А. Малдыбаев (1992), М. Абдраев (2002) атындагы сыйл. лауреаты.

  • 1963-ж. жаштардын кечки орто мектебин Кызылкыядагы кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүрөт.
  • 1965-ж. Оштогу педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде,
  • 1966-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын теория композициялык бөлүмүндө окуган.
  • 1976-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасынан бүтүргөн.
  • 1976-78-ж. Кыргыз мамлекеттик Телерадиокомитетинин музыкалык Редакциясында редактор,
  • 1978-81-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында муталим,
  • 1981-92-ж. Кыргызстан композиторлор союзунда иштеген.
  • 1980-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
  • 1996-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясында фольклор кабинетин жетектейт. Кыргызстандын көптөгөн аймактарын аралап элдик ырлардын, күүлөрдүн, дастандардын үлгүлөрүн чогултуп, нотага түшүрөт.

Автордун симфониялык, камералык-аспаптык, хор, камералык-вокалдык жана ыр чыгармачылыгынын өзөгүндө кыргыздын байыркы: фольклорлорунан алынгандыгы -таасын байкалат.

Жээнбай «Уркуя», «Аталар аттуу симфониялык поэмаларын, чон симфониялык оркестр үчүн «Балалык жөнүндө эскерүү», вокалдык-симфониялык чыгармасын, «Ата бейит». «Каныкейдин көз жашы» аттуу кошоктору Манастын 1000-жылдыгына карата добулбас жана аралаш хор үчүн жазган. «Айкөл Манас», симфониялык оркестрдин коштоосунда «Сенсиңби, согуш сенсиңби» деген эки хору жана акапелла хору үчүн «Согуш деген эмне» балладасы, аялдардын aкапелла хору үчүн «Эстеликтер сүйлөйт» ж. б. хорлору, фортепьяно үчүн «Үч кербез», фортепьяно үчүн сюитасы, «Достук вальсы», «Эне жөнүндө баллада», «Эне», «Мекен» деген ырлары чыгармалары менен улуттук профессионалдык музыканын өнүгүшүнө бараандуу салымын кошту. Ардак грамоталар менен сыйланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.