Жээнчороева Розалия Жаманкуловна

Википедия дан
Жээнчороева, Розалия Жаманкуловна‎»‎ барагынан багытталды)

Жээнчороева Розалия Жаманкуловна (30. 5. 1935-жылы туулган, Россия, Оренбург облусу, Бугуруслан шаары) – геолог, геологиялык-минералогия илимдеринин доктору (1990), профессор (2000), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1993), академиги (2010). Москва түстүү жана алтын институтун (1957) бүткөн. Куттуу-Сай геологиялык чалгындоо партиясында, КР УИАнын Геология институтунда улук илимий кызматкер, 1976-жылдан лаборатория башчысы болуп иштеген. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 2 монографиянын автору. Илимий ишинин негизги багыты петрология, руданын пайда болушу, руда кендерин изилдөө. КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). Эмгектери: Скарны и оледенение Гавасая. Ф., 1973; Золоторудное месторожденпе Макмал и модель его формирования //Геология рудных месторождений. М., 1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]