Жүктөгүч машина

Википедия дан

Жүктөгүч машина — өзү жүрүүчү (каз тамандуу же дөңгөлөктүү), жүк жүктөө, түшүрүү, катарга тизүү жана чукул аралыкка ташып берүүгө арналган үзгүлтүксүз же мезгилдүү иштөөчү машина. Ал кампада, өнөр жай ишканасынын аймагында, цехте, портто жана башка жерлерде колдонулат. Мезгилдүү иштөөчү жүктөгүч машинага асма жабдуу орнотулат жана айрылуу, сузгучтуу, бадья, атайын кармагыч пакеттер жана ушул сыяктуу жүктөгүч түзүлүштөр менен жабдылат. Үзгүлтүксүз иштөөчү жүктөгүч машинада чынжырлуу жана кыргычтуу конвейерлер орнотулуп, жүк кыргычтар, ротордук же винт түрүндөгү түзүлүштөр менен берилет. Кыймылга келиши боюнча автожүктөгүч жана электр жүктөгүч болот. Эл чарбасынын ар кандай тармактарына арналган атайын жүктөгүч машина колдонулат, мисалы, тоо-кен өнөр жайында тоо тектерин ташыйт; ал эми айыл чарбасында — кызылча, көртөшкө, чөп, минерал жер семирткич, чым көң жана ушул сыяктуулар жүктөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]