Жүк жабуу
Көрүнүш
Жүк жабуу - жыйылган жүктүн үстүнө жабылуучу кооз кездеме. Көбүнчө жибектен жасалып, ар кайсы жери саймаланып, этеги (кээде чети) тордолуп, чачыланат. Жүк жабуунун саймаланбаган, тукаба, шайыдан жасалгандары да бар. Анын өлчөмү жүккө жараша болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5