Жүк ташып жеткирүү келишими
Көрүнүш
Жүк ташып жеткирүү келишими – ташып жеткирүү келишимдеринин бир түрү, ал боюнча ташуучу өзүнө жүк жөнөтүүчү ишенип берген жүктү тийешелүү жерине жеткирип, аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу адамга (алуучуга), а жүк жөнөтүүчү жүктү ташып жеткиргендиги үчүн белгиленген каражатты төлөөгө милдеттенген келишим. Ж. т. к-н түзүү коштом кагазын (коносаментти же тийешелүү унаа уставында же кодексте каралган башка жүк документин) толтуруу жана жүк жөнөтүүчүгө берүү менен бышыкталат. Жүк ташуучу менен жүк ээси (үзгүлтүксүз жүк ташуу зарыл болгондо) жүк ташууну уюштуруунун узак мөөнөттүү келишимин түзө алышат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7