Жүрүм-турум кодекстери
Көрүнүш
Жүрүм-турум кодекстери – эларалык соода укуктарынын кошумча булактарынын бири. Эларалык экономикалык мамилелерди мамлекеттен тышкары жөнгө салуу үлгүсү болуп саналат. Алсак, 1937-жылы Эларалык соода палатасы тарабынан Жарнама иштеринин эларалык кодекси кабыл алынып, ал 1949-, 1955-, 1966-, 1973-, 1986-жылдары кайра каралган. Тийешелүү келишимдердин түзүлүшү менен Франшизы эларалык ассоциациясы тарабынан Ж.-т. к. ( code ofethica ) басып чыгарылган. Табияты жагынан бири-бирине окшош документтер тийешелүү биржалар менен банк ассоциациялары, ошондой эле айрым фирмалар тарабынан түзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7