Жүрөк астмасы

Википедия дан

Жүрөк астмасы - жүрөктүн иштеши начарлагандыктан, кан өпкөдө көпкө кармалып, газ алмашуу бузулуп, канда көмүр кычкыл газдын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыктыруучу оору. Жүрөк астмасы. миокарддын инфаркты, жүрөктүн ишемия оорусу, жүрөктүн толто кемтиги, гипертония оорусу жана башкалардан болушу мүмкүн. Жүрөк астмасы канды сол карынчадан толтого түртүү начарлаганда болот деп божомолдонот. Физикалык жана психикалык күч келүүдөн приступ кармашы мүмкүн. Ал көбүнчө түнкүсүн кармайт: оорулуу капыстан деми кыстыгуудан ойгонот, башын көтөрүп турууга мажбур болот. Деми кыстыкканы улам күчөп, жөтөлөт, көбүктүү какырык чыгат. Алы кетип, чабалактап, муздак тер басып, териси кара көк тартат. Оор учуру өпкө күпчөгүн пайда кылат. Жүрөк астмасы. оорулуунун өмүрүнө коркунучтуу болгондуктан, тез дарылоо талапка ылайык. Оорулууну бутун салаңдатып отургузуп, терезени ачып, таза аба менен дем алдыруу зарыл, мүмкүн болсо кычкылтек жаздыкчасы аркылуу дем алдырып, дароо тез жардам чакыруу керек. Дарылоо өз убагында башталса, натыйжалуу болот. Жүрөк астмасынын алдын алуу үчүн жүрөк ишин начарлатуучу ооруларды өз убагында жана системалуу түрдө дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]