Жөкөбаева Сайнат
Көрүнүш
Жөкөбаева Сайнат - (5. 5. 1929, Чүй облусу, Аламүдүн району, Төкөлдөш айылы 18. 1. 1991, Фрунзе) балерина, кыргыз хореографиясын баштоочуларынын бири. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген. арт. (1958). Ленинград хореогр., 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик. музыкалык.-хореография. окуу жайында окуган. 1947-жылдан Кыргыз мамлекетик. опера жана балет театрында иштеп, балеттеги башкы партияларды аткарган:Мария (Б.Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс»), Айдай (М.Раухвергер, «Чолпон»), Анар (В. Власов, В. Фере, «Анар») жана башка 1939-, 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен пск-восунун он күндүктөрүнө катышкан. 1975-жылы Жумгалда «Бекбекей» ыр-бий ансамблин уюштурган. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5