Жөкөр

Википедия дан

Жөкөр (моңг. нөкөр — жолдош) — эпосто колдонулган мылтыктын аты. "Асынды мылтык Ак жөкөр, Очогор мылтык жонунда" (Сагымбай Орозбаков, 3. 237). Термин мылтыкка карата Ж.—"жанжолдош" деген сөздү өтмө мааниде колдонуудан пайда болгон, башкача айтканда жоокерчилик заманда курал-жарак адамдын коргонууда негизги таянычы болгондуктан, мылтык сыяктуу мыкты куралды урматтап, аздектеп өзүнүн Ж-ү — жан-жолдошу, "ак" эпитетин кошуу аркылуу ак ниет, чыныгы жан-жолдош аташы табигый көрүнүш. Ак Ж-лөр окшогон эпостук мүнөздө берилген курал аттары "Манаста" бир топ: чотала, очогор, алмабаш, жазайыл, төө мылтык жана башкалар Мылтык аттуу куралдын Орто Азия чөйрөсүндө 16-кылымдан бери белгилүү экенин эске алганда ак Ж. сыяктуу эпосто кездешүүчү маалыматтар элдин турмуш чындыгынан алынган деп болжолдоого болот жана ок атуучу куралдар менен кыргыздардын илгертен эле тааныш болгондугунун негизинде "Манас" эпосунан орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4